Цукерберг Трамптын социалдык тармактагы баракчаларын жапканы үчүн 25 миллион доллар төлөп берет 

Америкалык миллиардер Марк Цукербергдин "Meta" компаниясы АКШнын президенти Дональд Трамптын Фейсбук жана Инстаграм баракчаларына коюлган чектөөлөрдүн баарын алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Meta компаниясы Трампка анын социалдык тармактагы баракчаларын жапканы үчүн 25 миллион доллар компенсация төлөп бермей болгон. Дональд Трамп 29-январда Цукербергдин компаниясы менен жарашуу келишимине кол койгон.

Трамптын Фейсбук жана Инстаграм баракчалары 2021-жылдын январь айында Капитолийге чабуул жасалгандан кийин бөгөттөлгөн. Ал эми 2021-жылдын июль айында Трамп социалдык тармактардын жетекчилигин сотко берген. Баракчалары жабылгандан кийин саясатчы өзүнүн аудиториясы менен байланышта болуу үчүн Truth Social аталышындагы өзүнүн социалдык тармагын түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан