ИИМ: "Интим кызматтарын жарнамалаган 23 сайт бөгөттөлдү"

Интернет мейкиндигинде интим кызматтарын жайылтууга байланыштуу маалыматтарды камтыган 23 сайт аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМ аталган сайттардын иши "Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөгү" мыйзамдын талаптарын бузарын белгиледи.

"Бул сайттарда кыздардын жылаңач сүрөттөрү жана интимдик кызмат көрсөткөн кыздардын кызмат акысы жарыяланган. Бул маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү оңой жана бул ресурстарга жашы жете электер дагы кире ала тургандыгы тынчсыздандырбай койбойт", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик сайттардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча соттун чечими чыкканын, чечимди аткаруу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына жүктөлгөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан