Бишкекте эки автобустун айдоочуларынын ортосунда чыр чыкты. Бул туурасында социалдык баракчалардын колдонуучулары билдирип, видео менен бөлүшкөн.
Анда №169 автобустун айдоочусу №135 автобустун дөңгөлөгүн учтуу предмет менен сайгылап, айдоочудан эшикти ачууну талап кылып жатканын байкоого болот. Чыгыш-5 кичи районунда орун алган чыр эки айдоочунун жол талашуусунан келип чыккан. Окуя кайсы учурда тартылганы айтылган эмес.
Ал эми азырынча милиция жана муниципалитет окуя тууралуу маалымат бере элек.