Улуттук көркөм академиясынын бүтүрүүчүлөрү жана бир нече курулуштардын долбоорчулары Ысык-Көлгө “Манас” эпосунун каармандарын чагылдырган музей курууну сунушташууда.
Алардын айтымында, долбоор суунун түбүнөн орун алып, туристтерди тартууда өзгөчө ролду ээлейт. Жаш архитекторлор идеянын ишке ашышын президент Садыр Жапаров колго алса деген билдирүү калтырышкан.
“Чет өлкөлөрдө чоң долбоорлорду ишке ашырып келе жатабыз. Кыргыз элинин мурасы болгон “Манасты” дүйнө жүзүнө таанытууга мүмкүнчүлүк бар. Биздин сунуш Ысык-Көлгө суу алдына музей куруу. Негизги тематика “Манас” эпосунун каармандарына жана тарыхый баалуулуктарга багытталган. Туризм менен маданиятты айкалыштыра жайылтууга чоң кадам болот. Музей 5 метр тереңдикте жасалса, Манастын эстелиги өзү 2,5 ал эми 40 чоросу 2 метрден тургузулат”, - деп айтып өттү алардын бири.
Жаш куруучулар бул долбоор ишке ашса Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндө суу алдында музей курган алгачкы өлкө боло турганын кошумчалашты.