Бүгүн, 30-январда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо улуттук илимий-изилдөө институтуна барып, "Abbott" компаниясынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Евгений Долженко менен жолугушту.
Минстрликтин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарды дарылоонун инновациялык технологияларын киргизүүнүн келечеги талкууланганды.
"Талкуу жүрөк трансплантациясынын альтернативалык ыкмалары – LVAD (Left Ventricular Assist Device) HeartMate 3 системасынын жардамы менен механикалык сол карынчаны имплантациялоо жөнүндө болду. Бул аппарат жүрөккө канды айлантууга, анын жүгүн азайтууга жардам берген жана бейтапка активдүү жашоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу жогорку технологиялуу аппарат", - деп айтылат маалыматта.