Ош шаарында жол жээктери мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда (видео)

Ош шаарында жол жээктериндеги курулуш иштери иретке келтирилүүдө. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кызыл сызыктан чыккан курулуштар мэрия тарабынан бузулуп, алынууда. Аны менен катары башка көчөлөрдө эскертүү иш-аракеттери көрүлүүдө.
"Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин күн сайын жеринде өткөрүп жаткан көчмө жыйындагы протоколдук тапшырмасына ылайык, Курманжан датка жана А. Масалиев көчөсүндө кызыл сызыкка чыккан жана мыйзамсыз курулган соода түйүндөрдү, курулуштарды, тосмолорду алып салуу иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар бузулууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан