Кыргызстандык альпинист Акматбек Маматкаимов Чили өлкөсүндө жайгашкан дүйнөдөгү эң бийик Охос-дель-Саладо жанар тоосуна чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында билдирип, ак калпак кийип, чокуда турган сүрөтүн бөлүштү.
"Дүйнөдөгү эң бийик жанар чокусунда алгачкы жолу кыргыз калпагы, желеги көтөрүлдү", - деп жазган ал.
Аталган чокуга альпинист 29-январда Чили убактысы боюнча 11:28де чыккан.
Белгилей кетсек, Охос-дел-Саладо жанар тоосунун бийиктиги 6893 метрге жетет. Ал дүйнөдөгү эң бийик жанар тоо гана эмес, Түштүк Америкада бийиктиги боюнча экинчи орунда турган чоку болуп саналат.