Англияда аскер кызматкери кеңседеги мүлктөрдү уурдап, кайра сатканы үчүн 3 жылга соттолду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ал уурдалган мүлктөрдү интернет аркылуу сатып, андан түшкөн акчага жубайына кымбат баалуу белектерди алып берип келген. Аскер адамы уурдаган деген мүлктөрдүн жалпы баасы дээрлик 500 миң фунт стерлингди түзгөн.
Соттолгон адам 45 жашта, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.