Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Туркенакун Бейшенбаев 100 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ардагер 29-январда көз жумган.
Туркенакун Бейшенбаев Ыссык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Төрт-Күл айылында 1925-жылдын 1-июлунда туулган.
1942-жылдын соңунда Советтик Армиянын катарына чакырылып, Украина, Беларус, Венгрия, Молдавия, Румыния жана Чехословакиядагы салгылашууларга катышкан.
Украинада Чабас айылында оор жаракат алган. Дарылангандан кийин аскердик кызматын уланткан. 1946-жылы июнда Советтик Армиянын катарынан бошотулган.
Ардагер эрдиги үчүн Советтер Союзунун финансы министрлигинин Ардак грамотасы, II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, Жуков медалы жана юбилейлик медалдар менен сыйланган.
"Бишкек шаарынын мэриясы Бейшенбаев Туркенакун атанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт", - жазылат маалыматта.