"Арал" өткөрмө постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Бүгүн, 31-январь саат 09:55те Бишкек–Ош унаа жолунун "Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, чектөө жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилген.
Учурда инерттик материалдарды чачуу, жолдорду тазалоо иштери тынымсыз жүрүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан