Социалдык баракчаларда мектептин топ окуучулары жалгыз баланы тепкилеп жаткан видео тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна калды. Тасмада окуя мектептин ажатканасында орун алганан байкоого болот.
Буллингге кабылган баланын окуясы Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушунда жайгашкан №93 орто мектепте катталган.
Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы, окуя боюнча укук коргоо кызматкерлери жеринде иш алып барып жатканан билдирди. Окуянын чоо-жайын тактоо жана мындай жагдайларды болтурбоо үчүн окуянын бардык катышуучулары ата-энелери менен биргеликте мектепке чакыртылган. Учурда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.