Улан Жолдубаев Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары болду

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары болуп Улан Жолдубаев дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалыматында жазылат.

Тиешелүү буйрукка 29-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Улан Жолдубаев 1987-жылы 25-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында туулган. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын тергөө-криминалистика факультетин аяктаган.

Буга чейин ал ЖАКтын Башкы ыкчам-режимдик башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан