Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жетекчиси жана 2 кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 2000 доллар опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышкан. Тергөөдө кызматкерлердин жасалма негизде кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен кыздарды коркутушуп акча талап кылышканы аныкталган.
Атайын кызмат кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалады.