УКМК телефон шылуундары тууралуу эскертти

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өздөрүн УКМК кызматкери катары көрсөткөн алдамчылар тууралуу билдирүү таратып, жарандарды этият болууга чакырды.

Атайын кызмат билдиргендей, шылуундар жарандарга УКМК кызматкери катары өздөрүн тааныштырып телефон чалышууда.

"Алдамчылар ачык маалымат булактарынан жабырлануучу тууралуу маалыматтарды чогултуп, андан кийин ага чалышып, УКМК кызматкеринин же тергөөчүнүн атын жамынып, анын бардык акчасы коркунучта экенин айтып, аны коопсуз эсепке которууга же кызматкердин жеткирүүчүсүнө накталай берүүгө көндүрүшөт. Жабырлануучу ага УКМКдан телефон чалып жатканына ишенип, алдамчынын эсебине акча которот.

Айрым учурларда шылуундар жарандарды УКМКнын тергөө бөлүмүнөн экендиги жана аларга кылмыш ишин козгоону пландап жатканы менен шантаж кылып, иш козгобош үчүн алардын эсебине белгилүү бир сумманы которууну талап кылышат. Анткени азыркы учурда дээрлик көпчүлүгү улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринен коркушат жана мүмкүн болуучу куугунтуктоолордон кооптонуп, алдамчыларга акча каражаттарын шексиз которушат. Бул өзгөчө өлкөдөгү ар кандай мамлекеттик органдарынын жетекчилигине тиешелүү.

Заманбап технологиялар каалаган адамдын үнүн жасалмалоого мүмкүндүк берерин эске алып, алдамчылар ачык маалымат булактарында сүйлөгөн сөздөрүнөн үн үлгүлөрүн ала алышат" деп жазылат маалыматта.

УКМК элди деструктивдүү күчтөрдүн алдамчылык аракеттерине ишенбөөгө жана зарыл болгон учурда атайын кызматка төмөнкү байланыш номерлери: (0312) 66-04; -75, 62-65-04 аркылуу кайрылууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан