Бишкекте 2024-жылдын 19-декабрынан бери 26 жаштагы Аман Насырынбеков дайынсыз болуп изделип жатат. Ал калаадагы үйүнөн 19-декабрда саат 10:00 чамасында чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Бул тууралуу Ленин РИИБи билдирди.
Ага ылайык, милицияга анын апасы кайрылып, уулун издөөгө көмөк сураган.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, бети сүйрү, көзү кара, орто дене түзүлүштө, кырдач мурун, кашы калың.
Кийген кийимдери: кара баш кийим, капюшону бар кара күрмө, кара түстөгү кроссовка.
Аман Насырынбеков тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер төмөнкү (0312) 352947, (0312) 352671 же 0705450553, 0773909465 номерлерге байланышса болот.