UFC уюмунун мурдагы эки жолку чемпиону Конор Макгрегор алты жыл мурун карьерасындагы эң маанилүү жеңилүү ызасын тарткан Хабиб Нурмагомедовго өтө орой кайрылуу жасады.
Социалдык тармактагы баракчасы аркылуужасаган кайрылуусунда Макгрегор Хабибди 100 миллион еврого реваншка чакырды.
"Эй семиз, аялыңды, балдарыңды көрсөтчү. Биздин Ирландияда сенин балдарыңды утуп койгудай жаштарыбыз бар. Алар мушташа алат. Сен Дагестанда Ирландия тууралуу эмне дедиң эле? Бизге командаңды көрсөт. Дагестан сен кандай ойлойсуң? Анткени машыктыруучунун ышкырыгын алган семиз жигит мушташа албайт. Мушташка чыкса мунун насаатчысы ким болот? Албетте, анын атасы эмес. Муну Дагестандагылардын баары билет. Дагестан сени коркок деп ойлойт. Бүткүл Дагестан сенин аркаңдан күлөт. "Сен жалкоосуң" дейт алар. Мени менен беттешип, 100 миллион доллар таап, бүт айылыңа бер. Бирок сен макул болбойсуң. Эмнеге? Анткени сен семиз, жалкоо, коркок жигитсиң", - деп жазды Макгрегор.
Мунун астында Хабиб Нурмагомдеов Макгрегорду "Зордукчу" жана "Наркоман" деп атаган.