Ички иштер министрлиги судьяны пара алууга шектеп жатат

Ички иштер министрлиги пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Иш боюнча айыпталуучулардын бири сот системасынын кызматкери.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, ИИМге жаран кызмат адамына карата мыйзамга ылайык чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал ишти сотто кароого байланыштуу маселени чечүү үчүн 1000 доллар опузалап пара талап кылып жатканын билдирген. Арыз ээсинин айтымында ал буга чейин бир нече ондогон миң сом акча алган.

2024-жылдын ноябрь айында Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө бул мыйзамсыз аракетке райондук соттордун биринин судьясынын катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө пара түрүндө акча алуу фактылары катталган.

ИИМдин кызматкерлери пара алууга ортомчул болгон эки жаранды кармашып, алардан мурда атайын белгиленген акча каражаттары табылып, алынган.

"Судьяга карата иштин ичинен бөлүнүп алынган материалдар боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштерин улантуу үчүн ИИМдин тергөө кызматына тапшырган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан