Улуттук коопсуздук органынын ардагери, запастагы полковник Касымов Куванчбек Кудайкулович дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, Куванычбек Касымов кечээ, 31-январда жол кырсыгынан каза болгон.
Полковник Касымов 1964-жылы 1-январда Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айылында туулган. УКМКда кызматын 1994-жылдын январында баштап, оперативдүү кызматкерден тартып, УКМКнын ар кайсы бөлүмдөрүнүн жетекчилигине чейинки жолду басып өткөн.
"Улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп жүргөндө кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоодо улуттук коопсуздукту камсыз кылууга зор салым кошкон. 2024-жылдын 23-декабрында президент тарабынан өлкөгө жана элине сиңирген зор эмгеги үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган. Ошондой эле, кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн демилгеси жана кесипкөйлүгү үчүн улуттук коопсуздук органдарынын ар кандай ведомстволук сыйлыктары жана мамлекет башчысынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Куванычбек Касымов боорукер жана сезимтал адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Ардагерибиздин жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталып калат", - деп билдиришти УКМКдан.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.