Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда бүгүн, 1-февралда саат 12:20 чамасында Каракол капчыгайында жайгашкан "Каракол" тоо лыжа базасынын канаттык жолунун (канатная дорога) 1 мамысы кулап, жарандар түшө албай калган.
ӨКМ билдиргендей, лыжа базанын техникалык тейлөө бригадасы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, адамдарды аман-эсен түшүрүп алышкан.
Буга кошумча жеринде коопсуздук эрежелерин көзөмөлдөп, эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Каракол шаардык №15 ӨКБдан ыкчам топ жөнөтүлдү.