Сокулукта фурадан чыккан өрт: ӨКМ кошумча маалымат берди

Сокулук районунда газ жүктөлгөн фурадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Сокулук районунун Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө бүгүн, 2-февралда Volvo 420 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаадан (ичинде газ баллондор жүктөлгөн) өрт чыгып, жакын жайгашкан "Жигитос" кафесине өткөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 04:37де 2 бөлүм тартылган.

Тилсиз жоо саат 09:37де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 280 чарчы метрди түздү.

Министрлик өрттөн жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан