ИИМ фейк билдирүүлөрдү таратууга шектүү жаранды кармады

Интернет тармагында ички иштер органдарынын жетекчилеринин сүрөттөрү колдонулган жарнамалык басылмалар таркап, ал фейк маалыматты таратууга шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди..

Ал жарнамаларда ИИМдин Кибер бөлүмү брокерлерден жабыр тарткандарга бир нече күндүн ичинде акча кайтарып берүүгө жардам берери көрсөтүлгөн. Ички иштер министрлиги мындай билдирүүлөрдү жөнөтпөй тургандыгын жана бул жайылтылып жаткан маалыматка тиешеси жок экендигин билдирди.

"Ички иштер органдары тарабынан мындай чындыкка дал келбеген (фейк) маалыматтарды таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар көрүлгөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" боюнча кылмыш иши козголду.

Кечээ, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган укукка каршы жосундарга тиешеси бар шектүү Чүй облусунун тургуну, кош жарандыгы бар 1985-жылы туулган С.М. аттуу жаран аныкталып, кармалды", - деп билдиришти ИИМден.

Шектүүнүн убактылуу жашаган жеринен тинтүү учурунда накталай акча, роутерлер, банк карталары, уюлдук компаниялардын 90 даанадан ашык сим-карталары, сим-бокс жабдуулары табылган.

Маалымат үчүн: Сим-бокс (SimBox) - бул уюлдук байланыш тармагын алдап, эл аралык чалууларды жергиликтүү деп жашыруу үчүн колдонулуучу шайман. Алдамчылыктын бул ыкмасын шылуундар көбүнчө эл аралык чалууларды ички же акысыз чалуулардын баасына жасоо үчүн колдонушат.

Учурда кармалган адамдын байланыштары жана уюшкан кылмыштуу топтор менен болгон байланыштары, анын ичинде чет өлкөдөн каржылоо жана жабдуулардын келип чыгышы текшерилип жатат. Ошондой эле анын башка мыйзамсыз алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар экендиги текшерилет.

Тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан