UFC уюмунун президенти Дана Уайт орусиялык мушкер, "Шара Буллет" каймана аты менен таанымал Шарабутдин Магомедовдун британиялык мушкер Майкл Пейджге жеңилип калганы тууралуу пикирин билдирди.
"Майкл Пейдждин абдан татаал стили бар. Эгер ага жакындабасаң эки мушкер жөн эле бири-бирин карап тура беришет. Аны менен беттешүү абдан кыйын. Менимче, басым "Шаран Булетти" чарчатты. Анын бир эле көзү бар экенин дагы эске алуу керек, бул дагы жеңилүүгө кандайдыр бир себеп болду", - деген Дана Уайт турнирден кийин пресс-конференцияда.
Кечээ, 1-февралда Сауд Арабияда UFC Fight Night 250 турнири өткөн. Анда "Шара Буллет" британиялык Майк Пейджге калыстардын чечими менен утулуп калган. Турнирге орус мушкерин колдоп атактуу футболчу Криштиану Роналду дагы келген.