Алымкадыр Бейшеналиевдин ордуна Эркин Чечейбаев келди

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Эркин Чечейбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Эми министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн Чечейбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

51 жаштагы Эркин Чечейбаев буга чейин саламаттыкты сактоо министринин орун басары — Башкы санитардык врач кызматын аркалап келген.

Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан