Бишкек кайрадан дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башына чыкты 

Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу маалыматты дүйнөдөгү абасы кир жана абасы таза шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюму билдирди.

Аталган уюмдун бүгүн, 4-февраль саат 09:20дагы чыгарган маалыматына ылайык, борбор калаадагы абанын сапаты "өтө зыян" деп табылып, абадагы зыяндуу РМ2,5 затынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен.

Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектин борборундагы AQI көрсөткүчү 247ге жеткен. Аба таза болушу үчүн бул көрсөткүч 50дөн ылдый болушу керектиги жазылган.

Мындай шартта шаардыктарга беткап тагынуу, терезелерди жабуу жана мүмкүнчүлүк болсо абаны тазалай турган жабдууларды иштетүү сунушталат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары акыркы жылдары айрыкча кыш, күз айларында дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарында болуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан