"Реалдын" оюнчусу сүйгөн кызы менен урушуп кетип, анын апасы менен жүрүп алды

Испаниянын атактуу "Реал Мадрид" клубунун коргоочусу Фран Гарсиа мурунку сүйлөшкөн кызынын апасы менен мамиле курууда. Бул тууралуу испан басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, футболчунун мурдагы сүйлөшкөн кызы Эстела Льямас апасынын Гарсиа менен акыркы убактарда көп жолугуп жатканын байкаган. Көп өтпөй эле кыз апасы менен футболчуну өздөрүнүн үйүнөн кармап алган.

Бул окуя социалдык тармактарда чоң резонанс жаратууда. Бирок азырынча Гарсиа да, анын мурдагы сүйлөшкөн кызы да, апасы да бул жагдай боюнча расмий комментарий бере элек. Ошол эле учурда Эстела Льямас социалдык тармактагы баракчасын жабык кылып салган.

Белгилей кетсек, бул сезондо "Реал Мадриддин" коргоочусу бардык турнирлерде 25 беттеш өткөрүп, 3 жолу голдук пас чыгарып берген. Футболчунун клуб менен келишими 2027-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн. Transfermarkt порталы оюнчуну 15 миллион еврого баалайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан