Жеңишбек Токторбаев Ош мэриясына жаңы муниципиалдык жетекчини дайындады
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Толкунбек Нурматов дайындалды. Бул тууралуу шаар мэриясы бүгүн, 6-февралда билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду.
Жаңы жетекчи буга чейин ар кайсы курулуш уюмдарында инженер-геодезист болуп иштеген.