"19 жашында окууну бүтпөйт". Министр 12 жылдык окуу боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин бүгүн, 6-февралдагы жыйынында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жакында киргизүү пландалып жаткан мектептердеги 12 жылдык окуу боюнча түшүндүрмө берди.

Министрдин айтымында, учурда деле окуучулар мектепти 12 жыл окуйт.

"2015-жылдан бери окуучулар 12 жыл окуйт. Азыр 150 миң бала нулевой класста окуйт. Мамлекет 800 миллион акча коротот. Ошол балдарга биз 1-класс деген статус берип жатабыз. Азыркы эле 11 жылдагы жаш курагы менен бүтөт. Эч кандай 17 жарым же 18 жашында окууну бүткөн балдар 19 жашында бүтпөйт. Азыркыдай эле болот. Бирок нулевой класс деген жоюлат дагы, ошол 1-класс деп аталат", - деди Кендирбаева.

Министр бул боюнча учурда даярдык жүрүп жатканын кошумчалады.

Министр 12 жылдык окуу боюнча түшүндүрмө берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан