"Кытайдан келген оюнчуктардын курамында мыщяк, коргошун сыяктуу зыяндуу заттар көп". Мындай пикирди ЖКнын 14-декабрдагы жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров айтып, бул олуттуу көйгөй боюнча эч кандай тийиштүү аракеттер көрүлбөй жатат. "Ал оюнчуктарда зыяндуу заттардын көлөмү көп. Аны жаш балдар ойнойт, оозуна салат. Жаш балдардын саламаттыгына кайдыгер караган болбойт. Бул боюнча өкмөт эч кандай иш жасабай жатат, бир чара көрүш керек да",- деди эл өкүлү.