Футбол боюнча Кыргызстандын биринчилигинин 2013-жылдагы чемпиону “Алай” футболдук клубу “АФКнын кубогу- 2014” мелдешинин тандап алуу туруна даярдык көрүп жатат. Клуб акыркы учурда бишкектик “Алга” жана канттык “Абдыш-Ата” клубдарынан жалпысынан 7 оюнчуну курамына кошту. Бул тууралуу “Алайдын” кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка ылайык, келишимге толук кол коюлуп, тиешелүү документтер бүткөнгө чейин футболчулардын ысымдары аталбайт. Белгилей кетсек, буга чейин “Абдыш-Атанын” чабуулчусу Ильдар Амировдун оштук клубга ижарага берилгени маалымдалган.
Эске салсак, “АФКнын кубогу-2014” мелдешинин тандап алуу турунда “Алай” өлкө чемпиону катары оюн көргөзөт. Анын атаандашы Палестинаны акыркы сезондогу чемпиону болмокчу. Эгер 2-февралда боло турган оюнда “Алай” жеңсе, анда мелдештин финалдык баскычына чыгат.