Бишкекте каракчылыкка шектүү жигит көчөдөн кармалды (видео)

Бишкек шаарында каракчылык жасаганга шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 13-январь Е.Р. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү саат 22:30 чамаларында Фучик көчөсүнөн белгисиз адам аны бычак менен коркутуп iPhone 13 жана Redmi Note 11 телефондорун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген.

Аталган кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам жана тергөө иш чараларынын жыйынтыгында бул кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кармалган.

"Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш чаралары жүргүзүлүүдө. Ал эми, алынган маалыматтар боюнча кармалган шектүүнүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги аныкталды", - деп билдиршти Бишкек ШИИБден.

Бишкекте каракчылыкка шектүү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан