Садыр Жапаров Харбин шаарында Бруней-Даруссаламдын султаны менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда Харбинде (Кытай Эл Республикасы) Бруней-Даруссаламдын султаны Хассанал Болкиах менен жолугушту.

Президенттин администрациясы билдиргендей, анда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечегин жана аны мындан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.

Жапаров эки тараптуу саясий диалог менен катар Борбор Азия жана АСЕАН өлкөлөрүнүн ортосунда аймактар аралык кызматташтык түзүлөт деген ишенимин билдирди.

Президент өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, Кыргызстанда социалдык-экономикалык маанилүү объекттерди жана жол-транспорттук инфраструктураны масштабдуу модернизациялоо жана куруу жөнүндө айтып берди. Ал республика эл аралык транспорттук коридорлорду, атап айтканда, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун активдүү өнүктүрүп жатканын, ал Борбор Азиянын дүйнөлүк рыноктор менен, анын ичинде АСЕАН өлкөлөрү менен соода байланыштарын кыйла кеңейтерин белгиледи.

Жапаров өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктүн мүмкүн болгон багыттары катары энергетика, IT-сектору, чийки затты кайра иштетүү, ошондой эле адал-индустрияны өнүктүрүүнү айтты. Ал Кыргызстан адал-продукцияны сертификациялоонун эл аралык стандарттарын түзүүгө умтулуп жатканын баса белгилеп, бул тармакта олуттуу экспертизага ээ болгон Бруней менен тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Президент Бруней инвесторлорун Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай долбоорлоруна, анын ичинде гидроэнергетиканы, күн жана шамал электр станцияларын өнүктүрүүгө катышууга чакырды.

Өз кезегинде султан Болкиах Кыргызстан менен Брунейдин эки тараптуу жана көп тараптуу бардык багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар экендигине ишенимин билдирди. Султан ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык аянтчасында бири-бирин колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал экономикалык кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин жана туризм жана билим берүү тармагындагы долбоорлор жаатында өз ара аракеттенүүнүн келечегин айтып өттү. Хассанал Болкиах Жапаровду расмий сапар менен Бруней-Даруссаламга келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун аягында эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу байланыштарды чыңдоого жана Кыргызстан менен Бруней-Даруссаламдын ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан