Бишкек мэриясы УКМК кызматкерлери жана мектеп директорлору менен биргеликте жыйын өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү депртаменти, УКМК кызматкерлери жана мектеп директорлору менен биргеликте жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда калаа мэриясынан кабарлады.

Жыйында УКМКнын өкүлдөрү террордук акт же коюлган бомба тууралуу жалган маалымат берүү жөн эле тамаша эмес, кылмыш экенин белгиледи.

"Акыркы убакта Бишкек шаарында балдар жана өспүрүмдөр тамаша иретинде же кызыгып, мамлекеттик мекемелерге, мектептерге, соода борборлоруна жана башка коомдук жайларга телефон чалып, жардыруу коркунучу бар деп кабарлаган учурлар катталууда. Мындай иш-аракеттер аларга тамаша сыяктуу көрүнөт, бирок чындыгында бул олутту оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Мындай чакырыктар адамдардын массалык түрдө эвакуацияланышына, мекемелердин ишинин токтоп калышына, атайын кызматтардын жерине баруусуна жана олуттуу каржылык чыгымдарга алып келип, коомдо дүрбөлөң жаратат.

"Ата-энелер балдарына мындай “тамашалар” чыныгы көйгөйлөргө алып келерин түшүндүрүүлөрү зарыл. Чалуу тамаша үчүн жасалган болсо да, жоопкерчиликтен бошотпойт. Мындай аракеттери үчүн 16 жашка чыккан өспүрүмдөр кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Жаш балдар үчүн жоопкерчилик алардын ата-энелерине же камкорчуларына жүктөлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан