Бишкекте автобустардын биринде жүргүнчү аял менен жаш кыз орун талашып чырдаша кетти. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады.
Видеодо жүргүнчү аял отурган кыздын телефонун "орун бошотуп бер" деп алып алганын көрүүгө болот. Ал эми кыз телефонун берсе турарын айткан. Экөө тең көк беттенип бири телефонун кайтарып бербей, экинчиси орун бербей бир топко чейин айтышкан.
Окуянын аягы эмне менен бүткөнү белгисиз. Видео аял кыздын телефонун алып айдоочу жакка баскан жеринен үзүлүп калган.