Бишкекте Мерседести учура айдаган айдоочу жазаланды (видео)

Бишкекте унааны катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкеге чыккан айдоочу жазага тартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Социалдык тармактарда “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгуу менен коопту абал жаратып, башка унааны коюп кете жаздаган видео тараган.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери эреже бузган айдоочуну таап, 16 миң сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына токтотушту.

"Эгерде көчөдөн жол эрежелерин бузган айдоочуларды көрсөңүз 0777 102-102 номуруна жөнөтсөңүздөр болот. Биз тараптан тийиштүү чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан