Бүгүн, 9-февралда Бишкектеги Ак-Ордо конушунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 14:45те Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Саат 14:59да кошумча дагы 1 бөлүм тартылып, жалпы 2 күжүрмөн эсеп жеринде өрттү өчүрүү иштерин алып барууда.