Белгилүү алып баруучу жана блогер Айзада Жамгырчиева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылуу жасап, анын MCN Coin криптовалютасына байланышы тууралуу кептерди четке какты.
Билдирүүсүндө Жамгырчиева бул криптовалютага байланыштуу иш-чарага алып баруучу болуп гана катышканын жана эч кимге бул активди сатып алууну жарнамалап же кеңеш бербегенин айтты.
Ал 20-январда тарыхчасына жүктөгөн видеосу менен бөлүштү.
"Мен блогерликтен тышкары дагы журналист, алып баруучумун. Тойлорду, иш-чараларды, лотереяларды алып барам. Эгер лотереяны алып барсам мен уюштурган болбойм да, ал жакка менин кызматымды сатып алышат.
Ошондой эле Кыргызстандагы бир криптовалюта иш-чарасын алып баргам. Андагы видеону колдонуп, башка элге алгыла деп жүргөн экен. Ошон үчүн менин видеолорумду таркатып продукцияңызды сунуштабаңыздар. Бул юридикалык жактан силерди жоопкерчиликке тарта турган жумуш. Сотко берсем болот", - деген анда Жамгырчиева.
Алып баруучу ошондо ага компаниянын ичиндеги кардарлардын арасында жана эстрада ырчыларынын коштоосунда 2 сааттык концертти алып барып берүү гана сунушу түшкөнүн билдирди.
Мындан тышкары Жамгырчиева MCN Coin'ди жарнамалаганы тууралуу далил бар болсо, анда мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин кошумчалаган.
MCN Coin криптоактиви тууралуу кырдаал адамдар алданганын айтып чыккандан баштап өткөн аптада коомчулуктун талкуусуна кабылды.
5-февралда УКМК кызматкерлери бир нече адамды кармашкан. Шектүүлөрдүн бири Дубайга учууга аракет кылып жатканда кармалган.
MCN Coin виртуалдык активинин негиздөөчүсү И.С. уюштуруучулар 2,5 миллион доллардай каражат тапканын, бирок акчаны жарандарга кайтарып бере албастыгын билдирген.