Эртең, 11-февралда Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө ысык суу жана жылуулук убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу эртең саат 08:30дан 18:00гө чейин 11-кичи райондо жана Байтик баатыр көчөсүндө жылуулук, ысык суу берүү убактылуу токтотулат.
Өчүрүлүүчү даректер:
11-кичи район - № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 15, 16, 17, 17а, 17/1, 18, 19, 20, 22, 23, 24, 25, 26, 27-турак үйлөр, №94 бала бакча, жеке сектордогу үйлөр 20/1, 20/2, 20/3, 20/4, 20/5, 20/6, 20А. Ал эми Байтик баатыр көчөсүндөгү турак үйлөр: № 3, 3/1, 3/4, 3А, 3Б, 3В, 3Г жана Чалдовар көчөсүндөгү 91А дарегинде жайгашкан жатакана.