
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Белград шаарында өткөн “Belgrade Winner” эл аралык мелдешинде 9 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 6 коло) жеңишти.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, 54 килограммга чейинки салмакта катышкан Зафарбек Камилов алтын медаль алса, Элдар Турдубаев (71 килограмм) жана Бекзат Ысабек уулу (57 килограмм) күмүш медалга ээ болушту.
Ал эми Бекзат Эргешов (51 килограмм), Тургунбек Иманкадыров (57 килограмм), Баяман Азизбек уулу (60 килограмм), Оомат Белекбаев (63.5 килограмм), Сыргак Абдыжапар уулу (71 килограмм) жана Сагын Сатыбалды уулу (80 килограмм) коло медаль алышты.
Эске салсак, улуттук курама команда машыктыруучулар Улан Сагынбаев жана Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.