Өзгөн шаарынын борбордук аянтында бийиктиги 3 метр 65 сантиметрди, туурасы 1 метр 60 сантиметрди түзгөн Манастын эстелиги орнотулду.
Анын ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов, мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, аталган айкелди жана анын жайгашкан жерин оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 185 миң сом бөлүнгөн.
"Ал эми айкелди медден жасоо үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 100 миң 823 сом каржыланган", - деп жазылат анда.