Казакстан квалификациялуу адистерди, ишкерлерди жана чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга багытталган үч жаңы виза категориясын киргизип, өлкөнүн дүйнөлүк таланттар жана инновациялар үчүн хаб катары позициясын бекемдөөдө.
Анын алкагында Казакстанда карьералык өсүү, бизнести кеңейтүү же аралыктан иштөө болобу, узак мөөнөттүү мүмкүнчүлүктөрдү издегендер үчүн ыңгайлуу жана так жолдорду сунуштап, Neo Nomad Visa (B12-1), Digital Nomad Visa (B9-1), Visa for Permanent Residence (B9) багытын киргизүүдө.
Алар кандай?
Neo Nomad (B12-1) – визасы Казакстанда жашап, чет элдик кирешесин сактап, алыстан иштөөнү каалаган кесипкөйлөр жана заманбап ишкерлер үчүн атайын иштелип чыккан.
Digital Nomad Visa (B9-1) – туруктуу жашоо үчүн Казакстанга көчүп келе жаткан маалымат технологиялар менен алектеген адистер үчүн иштелип чыккан. Казакстандын эмгек чөйрөсүнө аралашып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.
Digital Nomad визасын алуу үчүн Astana Hub же Казакстандын IT тармагындагы ыйгарым укуктуу органынын арызы менен кайрылуу керек болот.
Visa for Permanent Residence (B9) – визасы медицина, илим, инновация, билим берүү жана чыгармачыл индустрия сыяктуу чөйрөлөрдө дипломдору бар чет элдик адистер үчүн иштелип чыккан. Бул аларга Казакстанда узак мөөнөткө отурукташууга мүмкүндүк берет.
Бул виза менен Казакстанга келген дипломдуу адистер туруктуулукту жана жергиликтүү эмгек рыногуна интеграциялануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жашоого уруксат ала алышат.