Мадриддик “Реалдын” тарыхындагы эң мыкты бомбардир (323 гол) Рауль Гонсалеске клубдун президенти Флорентино Перес тарабынан машыктыруучулук кызмат сунушталды. Бул тууралуу испаниялык басылмалар бүгүн, 8-январда жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул сунушка 36 жаштагы Рауль так жообун бере элек. Экс-футболчуга дал ушундай эле сунуш катарлык “Аль-Садд” клубунан да келип түшкөн. Эске салсак, Рауль карьерасын дал ошол клубдун курамында жыйынтыктаган.