Адылбек Касымалиев иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына барды

Бүгүн, 10-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Дубай шаарына барды. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, анын алкагында төрага өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышат жана саммиттин алкагында “Глобалдык таасирдин өсүшү” форумунун ачылышында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, саммиттин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулардын болоору пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан