Азербайжан орусиялык белгилүү мушкер Николай Валуевге өлкөгө кирүүгө тыюу салды

Азербайжан Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Николай Валуевди персона нон грата деп жарыялады. Мурдагы мушкерге Азербайжан мамлекети жана анын эли тууралуу айткан сөздөрү үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Айхан Хажизаде депутаттын Россотрудничествонун өлкөдөгү өкүлчүлүгүн жабуу боюнча акыркы билдирүүлөрүнө жооп берип жатып билдирди.

"Орусиянын Мамлекеттик думасынын Туризм боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Николай Валуевдин Азербайжанга жана биздин элибизге каршы багытталган адепсиз билдирүүлөрү жана биздин өлкөгө карата жасалган коркутуу сөздөрү таптакыр кабыл алынгыс", - деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Мындай чечимге Валуевдин Telegram каналында Азербайжанда Орус үйүнүн жабылышын сынга алган комментарийлери себеп болгон.

Уюмду жоюу талабын Азербайжан бийлиги февралдын башында койгон. Мындай чечим Азербайжан аба жолдорунун учагынын Казакстанда кыйрашынан улам орус-азербайжан мамилелеринин начарлашынын фонунда кабыл алынды. Формалдуу түрдө Орус үйүн жабуу талабын мыйзамдуу каттоонун жоктугу менен түшүндүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан