“Электр станциялары” ААКсынын маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 9 миллиард 414 миллион куб метрди түздү.
Бүгүн, 11-февралда суунун агып келиши секундасына 157 куб метрди түзсө, ал эми сууну керектөө секундасына 703 куб метрди түзүүдө.
Айта кетсек, былтыр бул күнү Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 792 миллион куб метрди түзгөн болчу.