
Cалык кызматынын төрагасы
Алмамбет Шыкмаматов ишкерлерге жана салык төлөөчүлөргө кайрылды.
Айтымында, жыл башынан бери ал ар кайсы тармактагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен ондогон жолугушууларды өткөргөн.
"Мага салык системасындагы көйгөйлөрдү силер аркылуу билип, алар кайсы жерде кедергисин тийгизип жатканын, мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыктарын эске алуу менен аны кантип ыңгайлуу жана тең салмактуу кылууга боло тургандыгын өз көзүм менен көрүп-билүү маанилүү болду.
Жолугушуулардын жүрүшүндө бардык сунуштарыңарды эске алууга аракет кылдым. Алардын арасында салык чогултуу процессин кескин жакшыртууга жана жалпысынан салык саясатына таасир этүүчү, шыктандыруучу идеялар бар.
Бизнес өкүлдөрү менен мындай жолугушуунун жыйынтыгында белгилүү бир чечимдерди кабыл алууга мүмкүн болду. Мисалы, көчмө текшерүүлөр реформаланып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу механизмине өзгөртүүлөр киргизилди, санариптештирүү процесстерине жаңы импульс берилди. Мындан тышкары ККМди жана ЭТТКны интеграциялоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө, анын максаты ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана эсепке алууну жөнөкөйлөтүү болуп эсептелет.
Бирок салык системасы тууралуу дагы да креативдүү жана терең ойлор бар экенин жакшы билем. Ошондуктан өз ойлору менен бөлүшкүсү келгендер үчүн кошумча байланыш форматты сунуш кылам, тактап айтканда, мага түздөн-түз WhatsApp +996502433733 номерине жазыңыздар.
Мындай кайтарым байланыш үчүн атайын форма жок, бирок сунуштар конкреттүү жана жүйөлүү болушу керек, башкача айтканда, көйгөйдү белгилеп, аны кантип чечүү керектигин сунуштаңыздар. Айта турган сөзү бар ар бир адамды угууга даярбыз", - деп жазылат кайрылууда.