Президент Садыр Жапаров Ош шаардык мэриясына 500 миллион сом бөлдү. Бул боюнча атайын жарлыкка кол коюлганын президенттин администрациясы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган каражатка атайын техника сатып алынат. Акча Кыргызстандын Турукташтыруу фондунан бөлүнөт.
Белгилүү болгондой, Турукташтыруу фонду бюджеттен тышкаркы уюм болуп эсептелет. Анын милдети өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.