Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Мамбеталиевдин иши Ысык-Көл райондук сотуна өттү

Уюшкан кылмыштуу топко катышууга шектелип кармалган Эркин Мамбеталиевдин иши тергелип бүтүп, 28-январда Ысык-Көл райондук сотуна өттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдирди.

Белгилей кетсек, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы Мамбеталиев УКМК тарабынан кармалганы кабарланган. Кийинчерээк атайын кызмат анын кармалышы боюнча маалымат берип, Мамбеталиевдин маркум кримтөбөлдөр Рысбек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин тобуна тиешеси болгонун билдирген. 25-сентябрда УКМК Мамбеталиевдин миллиондогон мүлктөрү кылмыштуу жол менен табылган деген негизде мамлекетке алынганын маалымдаган. 10-августта Каракол шаардык соту аны 5-октябрга чейин камакка алган. Андан бери шаардык сот тарабынан Мамбеталиевдин камактагы мөөнөтү узартылып келе жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан