Оштогу Достук жана Ак-Тилек райондорундагы бир катар мыйзамсыз курулуштар менен тосулган көчөлөр тазаланып, ачылууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Достук кичи шаарчасынын 10-көчөдөгү жашыл бадалдар жана тосмолор менен тосулуп калган жолду ачуу, ошол жерден 8-көчөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары Ак-Тилек кичи районундагы 5чи, 10чи жана 11-көчөлөрүн ачуу, 2 көпүрө менен эки жагына тең тротуарларды куруу, лотокторду орнотуу боюнча да ыкчам талаптар коюлду.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жергиликтүү элге жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул аракеттер шаарды иретке келтирүү жана унаа тыгынын жоюу максатында жүргүзүлүп жаткандыгын айтып өттү.