Кышкы Азия оюндары: Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 7-орунду ээледи

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында 7-орунду ээледи. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалымдалгандай, улуттук курам биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде, экинчи айлампада Бахрейндин командасын 29:0 эсебинде уткан эле. Үчүнчү айлампада Сингапурдун командасын 11:2 эсебинде жеңген.
Улуттук курам төртүнчү айлампада Гонконгдун командасын менен ойноп 6:5 эсебинде жеңип, 1/4 финалдык беттеште Түштүк Кореянын командасына жеңилди.
Эске салсак, хоккей боюнча мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Бахрейн, Гонконг, Кувейт, Сингапур, Түштүк Корея, Кытай, Тайвань, Таиланд, Туркменистан, Индия, Макао жана Жапониянын курама командалары катышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан