
Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратында өрттөн улам учурда эвакуациялоо жана чалгындоо иштери жүргүзүлүүдө.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Сталбек Абдылда уулу оорукананын экинчи кабатынан абалы оор деп баалаган 15ге жакын бейтап эвакуацияланганын билдирди. Ошондой эле биринчи кабатын түтүн каптап жаткандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Улуттук кардиологиядагы өрттү өчүрүүгө саат 21:07де жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты
тартылган.